Радио

Алишеров: пандемияда ЕАЭБде соода жүгүртүү токтогон жок

Экономика жана финансы министринин орун басары Элдар Алишеров Евразия экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөр пандемия учурунда кандай кызматташканын айтып берди.
Sputnik

Пандемияда ЕАЭБ мамлекеттери бири-бирине экономикалык тоскооолдук жараткан жок. Бул тууралуу Элдар Алишеров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Алишеров: пандемияда ЕАЭБде соода жүгүртүү токтогон жок

Анын айтымында, уюмга мүчө-өлкөлөрдө чек ара жабык болгонуна карабастан ичинде товар айлантуу токтогон жок.

"Коронавирустук пандемиядан улам дүйнөдө экономикалык абал оор болду. Өзгөчө ички дүң өндүрүмүнүн көпчүлүгү кызмат көрсөтүү тармагына туура келгендер кыйналды. Себеби чек аралар жабылып, экономика дээрлик токтоп калды. Ошого карабастан ЕАЭБ алкагында соода жүгүртүү уланып жатты. Тескерисинче, ушул кризистен биримдикте чыгып кетүү боюнча сүйлөшүүлөр белгиленип турду. Өлкөдө айрым товарлардын тартышытыгы жаралбашы үчүн Кыргызстан айыл чарба продукцияларынын кээ бир түрлөрүн, дары-дармекти сыртка чыгарууга тыюу салды. Медициналык айрым каражаттарды импорттоого бажы төлөмү алынды. Пандемия учурунда өлкөдө кумшекер, май, ун жана башка азык-түлүктөрдүн тартыштыгы байкалууда. ЕАЭБге мүчө Казакстандан жана Россиядан экспортко бөгөт коюлган. Бирок ЕАЭБ мамлекеттерине тиешелүү болгон жок. Бул деген биримдикке мүчө-мамлекеттер бири-бирине экономикалык тоскоолдуктарды жаратпастан пандемиядан өтүп жатканын билдирет", — деди Алишеров.

Ал ЕАЭБ алкагында көрүлгөн чаралар өлкө экономикасынын туруктуулукту сакташына жакшы таасир тийгизгенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: