Бишкек, Ош, Токмоктун мэрлерин шайлоо. Талапкерлердин соңку тизмеси

Бишкек жана Ош шаарларында бирден талапкер катталса, Токмокту башкарууга эки киши белсенүүдө. Шайлоо 26-августта өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бүгүн саат 18:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына мэрлик кызматка талапкерлерди каттоо аяктады.

Облустарга бөлүнүп, 36 депутатты шайлоо округу бекитилдиби? БШКнын жообу
Бишкектин башчылыгына мэрдин милдетин убактылуу аткарып жаткан Айбек Жунушалиев көрсөтүлдү. Ал буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болчу.

Ошто талапкер болуп шаарды убактылуу башкарып жаткан Алмаз Мамбетов катталды. Буга чейин президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Токмок шаарына мэрликти эки киши мелжеп жатат. Бири Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев, анын талапкерлигин шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Экинчиси "Эмгек" партиясынан Азат Кубатбек уулу.

Шайлоо 26-августка дайындалган.