Афганистандан эвакуацияланган кыргызстандыктар Алматыга конду

Буга чейин Кыргызстандын тогуз жараны эвакуацияланганы айтылган. Кыргыз тараптын өтүнүчү менен казактардын аскер учагы кыргызстандыктардын дагы бир тобун ала келди.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Алматыга Афганистандан эвакуацияланган 42 киши учак менен алып келинди. Бул тууралуу Казакстандын Коргонуу министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учак саат 17:00дө конгон. Бортто 25 казакстандык (арасында 10 бала бар) жаран жана Казакстандын Кабулдагы элчилигинин кызматкерлери болгон. Мындан сырткары, кыргыз тараптын өтүнүчү менен 14 кыргызстандыкты ала келишкен. 

Афганистандан эвакуацияланган кыргызстандыктар Алматыга конду

Буга чейин Кыргызстандын ТИМи менен Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов 15 жаран эвакуацияланганын кабарлаган. Ниязов кыргызстандыктар так  ушул рейс менен кеткенин белгилөөдө.

17-августта Афганистандан тогуз кыргызстандык мекенине кайтарылган. Элчи Ниязов Афганистанда жалпы жонунан 20 кыргызстандык бар экенин айтып, алардын бардыгы кызмат көрсөтүү тармагында иштеп келгенин билдирген.

Афганистандагы кырдаал

Афганистандагы кыргыз дипломаттары эвакуацияланабы? Элчинин жообу
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кеткен соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда анын каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.