Эскертүү! Ысык-Көлдө 19-20-август күндөрү жолдор жабылат

ЖКККББ маанилүү мамлекеттик иш-чара өткөрүлүп жатканына байланыштуу убактылуу киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 19-20-август күндөрү жолдор маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Министрлик бул күндөрү Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму болорун эскертти.

Буга байланыштуу Тамчы айылынан Бостери айылына чейинки, андан сырткары Чолпон-Ата шаарында жолдорду жабуу пландалууда.

"Маанилүү мамлекеттик иш-чара өткөрүлүп жатканына байланыштуу убактылуу киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз. Тыгындарды жаратпоо үчүн эрежелерди сактап, унааларды жол жээктеринде калтырып кетпөөгө чакырабыз, ошондой эле алдын ала альтернативдүү жол каттамдарын тандап алыңыздар", — деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.