БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Тоң районундагы бөлүгүндө катталган жол кырсыгынан беш адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирип, кырсыктын сүрөттөрүн чыгарды.
Аталган кан жолдун болжол менен 172-чакырымында (Кубакы ашуусу) жүргүнчү ташуучу Sprinter менен MAN үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Кырсыктан беш адам (2 эркек, 3 аял) мүрт кетип, дагы 10 адам жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда. Жалпысынан кичи автобуста 15 киши болгон.
Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБден 4 куткаруучу тартылып тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөнү айтылды.