UFC легендасынын уулу атаандашын бир ирмемде сулата тээп жеңди. Видео

Уюмдун мурдагы чемпиону Андерсон Силванын уулу Калил Силва кикбоксинг сүйүүчүлөрүнүн арасындагы мелдештеги дебюттук беттешин ийгиликтүү баштады.
Sputnik

Белгилүү mmafighting маалымат сайтынын жазганына караганда, Калил Сильва жекшембиде Калифорнияда (АКШ) өткөн кикбоксинг боюнча FightersRep 10 мелдешинде Энтони Рейнаги менен кез келген.

Мухаммед Алинин небереси дебюттук беттешинде атаандашын эстен тандырды. Видео
12 секундага созулган таймашта Калил бир эле сокку жасаган. Башталганда эле сол буту менен атаандашынын жаак тушуна тээп жерге сулаткан. Рейнагинин абалын көргөн калыс беттешти мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Эске салсак, Калилдин атасы бразилиялык Андерсон Сильва эрежесиз эр уруштун тарыхындагы эң атактуу мушкерлердин бири болуп саналат. Ал 2006-жылы UFC уюмунун орто салмагында чемпиондук наамды утуп, аны 10 жолу ийгиликтүү коргогон. Алты жылдан ашык убакыт чемпиондук курга ээлик кылып турган.