ТИМ Афганистан боюнча билдирүү таратып, Памирдеги кыргыздарды коргоого чакырды

Кыргызстан Афганистандагы кырдаал тез арада турукташып, укуктук талаада жаңы бийлик институттары түзүлөрүнө үмүт артат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы ведомствонун Афганистандагы кырдаал боюнча билдирүүсүн жарыялады.

Анда ТИМ Афганистандагы кырдаалдын жана окуялардын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантып жатканы белгиленген.

Министрликтин билдирүүсүн тезис түрүндө беребиз:

  • Кыргызстан эки өлкөнүн достук мамиледеги элдеринин жалпы тарыхына жана маданиятына таянып, Афганистандын көп улуттуу элинин ички саясий туруктуулугуна, коопсуздугуна жана жыргалчылыгына дайыма чын дилинен кызыкдар болгон жана болуп келет;
  • Биз Афганистандагы кырдаал тез арада турукташып, укуктук талаада жаңы бийлик институттары түзүлөрүнө үмүт артабыз;
  • Бардык саясий жана этникалык топтордун катышуусу менен көп жылга созулган аскердик жаңжал токтотулат жана Афганистанда көптөн күтүлгөн тынчтык, туруктуулук орнотулат деп үмүттөнөбүз;
  • Бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка, зомбулукка барбоого чакырабыз;
  • Улутуна, динине, саясий көз карашына карабастан Афганистандын карапайым калкынын коопсуздугун, чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестигин камсыздоого үндөйбүз;
  • Этникалык азчылыктардын, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирдеги кыргыздардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле өлкөдөн кетүүнү каалаган бардык чет өлкөлүк жарандарга Афганистандан эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берүүгө чакырабыз;
  • Кыргыз Республикасы жакын арада тартип калыбына келтирилип, Афганистандагы кризистик кырдаал күч колдонулбай, сүйлөшүү жолу менен чечилип, алдыдагы транзиттик мезгилде достук мамиледеги бүткүл афган элин канааттандырган мамлекеттик түзүлүш орнотулат деп үмүттөнөт.