Россия 27-августтан тарта Кыргызстанга авиарейстердин санын көбөйтөт

Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург, Иркутск жана Грозный шаарларынан жумасына бир ирет самолёт учуп турмай болду.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Россия авиарейстердин каттамын Кыргызстанга жана башка өлкөлөргө көбөйтөт. Бул тууралуу РФтин өкмөтүнүн сайтына жарыяланды. 

Жумасына үч жолу учат. Бишкектен БАЭнин Шарджа шаарына авиакаттам ачылды
Маалыматка караганда, Кыргызстанга, Тажикстанга, Венгрияга жана Кипрге болгон рейстердин каттамы 27-августтан тарта көбөйөт.

Жогоруда айтылган күндөн тарта Москва — Бишкек каттамы жумасына жети жолудан аткарылмакчы. Учурда жумасына үч рейс каттайт.

Мындан сырткары, Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург, Иркутск жана Грозный шаарларынан жумасына бир ирет самолёт учуп турат.