Подмосковьеде аскер учагынын кулаганы видеого түшүп калган

Учакты Россиянын баатыры Николай Куимов башкарып бара жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, бортто экипаждын дагы эки мүчөсү болгон. Бири да аман калган эмес.
Sputnik

Интернет айдыңында Подмосковьеде Ил-112В үлгүсүндөгү аскердик учактын кулаган видеосу пайда болгонун РИА Новости жазды.

Кабулдун аэропортундагы башаламандык. ЖМК канча адам набыт болгонун жазды
Кадрдан көрүнүп тургандай, алгач аба кемесинин кыймылдаткычынан өрт чыккан. Андан соң учак ылдыйлай баштаган. Кийинчерээк аскер учагы токойго кулап, жарылган. Кырсык Никольское калк жашаган пунктунда машыгуу учурунда болгон. Себебин атайын комиссия аныктап жатканы айтылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бортто экипаждын үч мүчөсү болгон. Бири да аман калган эмес. Алардын командири Россиянын баатыры, эмгек сиңирген учкуч Николай Куимов экени белгилүү болду.

Ил-112В — Воронеж авиациялык заводунда чыгарылып жаткан жеңил учак. Ал аскер кызматкерлерин, курал-жарак, жеңил техниканы ташууга ылайыкташкан.