Элчилик Москва полициясы кармаган 29 кыргызстандыкты бошотууга көмөктөштү

Административдик укук бузууга айыпталган 23 кыргызстандык кайра бошотулган. Ал эми майда бейбаштык кылгандардын төртөө 15 суткага камалды. Экөө айып пул төлөп чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвада коомдук тартипти бузууга айыпталып полиция тарабынан кармалган мекендештер тууралуу маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, 14-августта элчиликтин ыкчам линиясына "Нагатинская" жана "Новослободская" метростанцияларынын жанында Кыргызстандын 23 жараны кармалганы туурасында маалымат түшкөн.

"Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери укуктук жардам көрсөтүү максатында Нагатинский Затон районунун Ички иштер башкармалыгына жана №4 полиция бөлүмүнө барышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө КР жарандары административдик укук бузганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Консулдук кызматкерлердин өз ара аракети менен тиешелүү процедуралар аткарылып, административдик протоколдор түзүлгөндөн кийин бардык жарандар бошотулган.

ЖМК: Россияда мушташка катышкан 26 кыргызстандык депортацияланды
Мындан сырткары, Москванын "Царицыно" районунда алты мекендеш кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.

"Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган жигиттер футбол ойноп жатып айтыша кетишкен. Мындан улам жакын жердеги үйлөрдө жашаган тургундар полиция чакырышканы белгилүү болду. Полиция бөлүмүнө консулдуктун кызматкерлери барып укуктук жардам көрсөттү", — деп билдирди элчилик.

Жыйынтыгында кыргызстандыктардын экөө 500 рубль административдик айып салуу менен бошотулган, төртөө 15 суткага камакка алынган.

Элчилик тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.