Радио

Токтошов: Кыргызстанда 1 миллион адамга 1000 окумуштуу туура келет

Техника илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжигит Токтошов Кыргызстанда илимди интеграциялоо зарылчылыгы курч турганын айтты.
Sputnik

Өлкөдө 1 миллион адамга 1000 окумуштуу туура келет. Сан жагынан алганда Кыргызстан Казакстан, Түркияны басып өтүп, бир топ алдыда. Бул тууралуу Гүлжигит Токтошов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Токтошов: Кыргызстанда 1 миллион адамга 1000 окумуштуу туура келет

Анын айтымында, Кыргызстанда илим жактоодо деле тааныш-билиштикке сала берген адат калыптанып калган.

"Окумуштуулардын саны жагынан алганда Кыргызстан айрым Европа мамлекеттеринен алдыга озуп кеткен. Бирок эл аралык илимий журналдарга жарыяланган макалалардын санына келгенде акыркы саптарга түшүп калабыз. Мисалы, Россияда докторлукту жактоо үчүн ошол адистиги боюнча 10дон кем эмес илимий макаланы эл аралык журналдарга жарыялоо талабы коюлган. Ал эми бизде жети, анан да жактап жаткан адистиги боюнча деп так көрсөтүлгөн эмес. Бирок ушул талапты да аткаруудан качып, тааныш-билиштикке салып, ошончо макаланы кыска убакытта эле жарыялай салып, илимий даража ала калгысы келгендер көп", — деди Токтошов.

Ал илимдин кандидаттыгын жактоодо деле сапатка басым жасалбай жатканын кошумчалады.