Кыргызстан орус тилин барктаган алдыңкы үч өлкөнүн катарын толуктады

Өткөн жылдын аягында Орус тили боюнча мамлекеттик институт чоң изилдөө жүргүзгөн. Анда ар кандай параметрлер эске алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстан орус тили кеңири колдонгон үч өлкөнүн бири болуп саналат. Мындай пикирди А.С. Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институтунун ректору Маргарита Русецкая Sputnik маалымат борборунун видео көпүрөсүндө сүйлөп жатып билдирди.

Кыргызстан орус тилин барктаган алдыңкы үч өлкөнүн катарын толуктады

Анын айтымында, өткөн жылдын аягында институт биринчи жолу "Дүйнөдө орус тилинин абалынын индекси" аттуу чоң изилдөө жүргүзгөн.

"Биз мурдагы советтик мамлекеттерде орус тилинин абалы кандай экенине байкоо салдык. Анда тилдин коомдук-мамлекеттик чөйрөдөгү орду, негизги мыйзамдардагы статусу, мамлекеттик органдардын расмий сайттарынын орус тилиндеги бөлүмдөрүнүн болушу, орус тилинде билим алууга мүмкүн болгон мектептердин, университеттердин, лицейлердин саны, ошондой эле орус тилиндеги илимий басылмалардын саны сыяктуу негизги параметрлер эске алынды. Бул рейтингде үч өлкө — Беларусь, Кыргызстан жана Казакстан абсолюттук лидер болду", — деген Русецкая.

Ал белгилегендей, аталган мамлекеттерде орус тили кеңири пайдаланылат.