Коргоо министри Россия менен Казакстанда окуп келген бүтүрүүчүлөр менен жолукту

Министр окуу жайды артыкчылык менен бүтүп, кызыл диплом алган бүтүрүүчүлөрдү "Мыкты аскердик кызмат үчүн" медалы менен сыйлады.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бүгүн коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Россиянын жана Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер академиясынын бүтүрүүчүлөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, быйыл 30га чукул бүтүрүүчү Кыргызстанда кызмат өтөө үчүн кайтып келди.

"Жолугушууда коргоо министри офицерлерге өлкөнүн аскердик-саясий жетекчилиги тарабынан КРдин Куралдуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Ошондой эле аскердик коопсуздукту камсыздоо, алар чет өлкөдө окуп жүргөндө министрликте болгон өзгөрүүлөр боюнча кабардар кылды", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолугушту. Эмне сөз болду
Аны менен катар Өмүралиев кызматтык талаптар тууралуу көз карашын билдирип, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн алдына коюлган тапшырмаларды так аткарууда офицердик корпустун ролу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ар бир офицердин аскердик милдетин аткарууда жеке жоопкерчилигин эске салган.

Жыйынтыгында министр окуу жайды артыкчылык менен бүтүп, кызыл диплом алган бүтүрүүчүлөрдү ведомствонун "Мыкты аскердик кызмат үчүн" медалы менен сыйлады.