Элдин ачка-ток отурганын чагылдырган муздаткычтар. Бишкектен тартылган сүрөттөр

Sputnik

Кыргызстан жарым жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында тамак-ашка болгон баанын өсүшү боюнча алдыга чыкты. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө декабрдан бери азык-түлүктүн баасы 10,5 пайызга жогорулады. Кымбатчылык муну менен эле чектелбей, курулуш материалдарын, жем-чөп алууда жана кызмат көрсөтүүлөрдө да байкалды.

Кыргызстанда бир айда кайсы азыктар кымбаттап, эмнелер арзандады
Пандемия шартында кыргызстандыктардын бир бөлүгүнүн жумушу токтоп калышы, жогорку инфляция жана баалардын өсүшү калктын жашоо деңгээлине таасир этпей койгон жок.

Элдин учурдагы жашоо-шартын чагылдыруу максатында Sputnik Кыргызстандын кабарчылары шаардыктардын муздаткычында эмне бар экенин сүрөткө тартып келди. Муздаткычтагы көрүнүш социалдык-экономикалык абал тууралуу Статкомдун цифраларынан калышпайт деп эсептейбиз. Бул долбоорго катышкан үй-бүлөлөрдүн көбү анонимдүүлүктү сактоо шарты менен гана макул болду. Сүрөттөр Бишкектен жана шаардын жака белинен тартылды.

 

1 / 10
Бишкек шаарында ижарага батир алып жашаган бухгалтер айымдын үй-бүлөсүнүн муздаткычы. Ал жакында эле маяна алган
2 / 10
Бишкектик үй-бүлөнүн муздаткычы. Үйүндө мектепке чейинки курактагы үч баласы бар
3 / 10
Эки жашар баласын тарбиялап отурган жалгыз бой эне. Сүрөт Бишкектин чок ортосундагы жаңы үйлөрдүн биринен тартылды
4 / 10
Колунда эки баласы бар жаш үй-бүлөнүн муздаткычы. Атасы жакшы маяна төлөгөн кызматта иштейт
5 / 10
Кара-Жыгач конушунда жашаган үй-бүлө азык-түлүктү сактоо үчүн иштебей калган муздаткычты колдонот. Бул үйдө жашаган аял балдары менен Нарын облусунан келгенин айтты. Керектүү документтердин жоктугунан пенсия ала албай жүрөт
6 / 10
Бишкекте улгайып калган жубайлардын муздаткычы. Балдары өзүнчө жашайт, алар ата-энесине материалдык жактан жардам берип турушат
7 / 10
Сүрөт борбор калаадагы жаңы конуштардын биринде тартылды. Үй ээси убактылуу жумушу жок отуруп калды, мурда ал набайчылардын нанын ташып иштечү
8 / 10
Бишкек шаарынын четинде жашаган мугалимдин муздаткычы. Ал калаадагы беделдүү жеке менчик мектептердин биринде иштейт
9 / 10
Шаар четинде жашаган көп балалуу үй-бүлөнүн муздаткычы
10 / 10
Калыс-Ордо конушунда жашаган таксисттин үй-бүлөсүнүн муздаткычы