Чолпон-Атада 14 мамлекеттин катышуусунда суучулдардын тренинги өтүүдө. Сүрөт

12 күнгө созулган окуу программасынын алкагында сууга түшүү иштерин мыкты аткаруу, жабдууларды эффективдүү колдонуу, ошондой эле 40 метр тереңдикке чейин чумкуу пландаштырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында суучулдарды даярдоо боюнча VIII эл аралык тренинг өтүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара министрликтин алдындагы Суучулдар кызматынын машыгуу базасында болууда.

Ага Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө болгон 14 мамлекеттен 24 киши катышууда. Алар Россия, Казакстан, Грузия, Армения, Сербия, Тунис, Египет, Ливан, Грузия, БАЭ, Палестина, Иордания, Бахрейн, Марокко жана Сауд Аравиядан келген.

"Тренингдин максаты — билим берүү жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле ЭЖКУга мүчө мамлекеттердин куткаруу кызматтарынын ортосунда суучулдарга тренинг өткөрүү боюнча туруктуу байланышты түзүү", — деп айтылат маалыматта.

Музду чагып, суунун ичин тинткен куткаруучулар. ӨКМдин машыгуусу видеодо
12 күндүк окуу программасынын алкагында сууга түшүү иштерин мыкты аткаруу, жабдууларды эффективдүү колдонуу, ошондой эле 40 метр тереңдикке чейин чумкуу пландаштырылган.

Эл аралык жарандык коргонуу уюму 1972-жылдан бери ишмердүүлүгүн улантып келет. Бүгүнкү күндө ага дүйнөнүн 60 өлкөсү, мындан тышкары, 16 мамлекет байкоочу катары кирген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2012-жылдан бери уюмдун мүчөсү болуп бардык иш-чараларга активдүү катышып келет.