Акылбек Жапаров эки орун басарын алмаштырды. Кимдер кетип, ким келди

Жаңы дайындалган орун басардын бири Мамлекеттик карыз башкармалыгын жетектеп турган, экинчиси Токмок шаарына мэр болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун эки орун басары алмашты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Президенттик администрацияда иштеген Исаков Бишкек мэриянын аппаратын жетектейт
Ага ылайык, Мирлан Байгончок кызматтан бошотулуп, анын ордуна Руслан Татиков дайындалды. Ал эми Айдин Шаршеев кызматтан кетип, анын ордуна Данияр Амангелдиев келди.

Тиешелүү буйрукка 16-августта министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн жаңы орун басарларды министр Акылбек Жапаров эмгек жамаатка тааныштырды.

Татиков 2007-жылдан бери Экономика жана финансы министрлигинде иштеп келген. Соңку убакта Мамлекеттик карыз башкармалыгын жетектеп турган.

Амангелдиев 2018-2020-жылдары Токмок шаарынын мэри болгон.