Чегинбейбиз! Афганистандын вице-президенти талибдер менен согушууда

Талибдерге каршылык көрсөтүү үчүн 10 миң аскер Панджшерге баратканы айтылды. Анын ичинде генерал Дустумдун күчтөрү дагы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Афганистандын вице-президенти Амрулла Салехтин аскер күчтөрү Парван провинциясындагы Чарикар районунан талибдерди кууп чыгып, учурда Панджшер аймагында согушууда. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булактарына таянуу менен жазды.

Ошондой эле талибдерге каршылык көрсөтүү үчүн 10 миң аскер Панджшер тарапты көздөй баратканы айтылды. Анын ичинде генерал Дустумдун күчтөрү дагы бар.

Белгилей кетсек, буга чейин Панджшер Афганистанда "Талибан"* кыймылы басып ала албаган жападан жалгыз провинция экенин жана алар каршылык көрсөтүүгө даяр турганы маалымдалган.

ТИМ Афганистан боюнча билдирүү таратып, Памирдеги кыргыздарды коргоого чакырды
Аны менен катар бүгүн вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдирип, талибдерге каршылык көрсөтүүгө чакырганы белгилүү болду.

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кеткен соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда анын каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.