Экс-президент Карзай талибдер менен сүйлөшүү жемиштүү жүрүп жатканын айтты

Афганистандын президенти менен кошо аталган мамлекеттин мурдагы премьер-министри, ислам партиясынын лидери Гульбеддин Хекматияр (1993-1994) да талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Афганистандын мурдагы президенти Хамид Карзай "Талибан"* кыймылынын жетекчилиги менен сүйлөшүү жемиштүү болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости CNN телеканалына таянып жазды.

Элчи Афганистандагы кыргызстандыктар менен Памир кыргыздары тууралуу маалымат берди
Буга чейин Афганистандын Улутту элдештирүү боюнча жогорку кеңешинин башчысы Абдулла Абдулла жана мурдагы президент Карзай "Талибандын"* жетекчилиги менен тынчтык тууралуу сүйлөшүп жатканын билдирген. Алар негизинен Кабулдагы абалды туруктуу кармап калуу боюнча баарлашкан.

Алар менен бирге эле талибдер менен Афганистандын мурдагы премьер-министри, Афганистандагы ислам партиясынын лидери Гульбеддин Хекматияр (1993-1994) да сүйлөшүп жатканы маалым болду.

"Биз "Талибан"* кыймылынын жетекчилиги менен байланышып, сүйлөшүү жүргүздүк. Анда маанилүү темалар козголду, кызматташуу уланып жатат", — деп жооп берген мурдагы президент.

Ал Абдулла жана Хекматияр менен Афганистандагы жашоону өз нугуна салыш үчүн бардык күч-аракетти жумшап жатканын айтып, андан жыйынтык чыгат деген үмүтүн билдирген.

Эскерте кетсек, 15-август күнү "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Бүт чек ара өтмөктөрүнө да көзөмөл кылууда. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.

*"Талибан" — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм