Чолпон-Атада мөндүр жаады. Сүрөт, видео

Кечээ күнү Чолпон-Атада жамгыр, бүгүн мөндүр жаады. ӨКМ нөшөрлөп жааган жаандан улам өлкө аймагында сел жүрүү кооптуулугу дагы деле сакталып турганын кабарлады.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада мөндүр жааганын күбө билдирип, редакцияга курорттук аймактан видео жана сүрөттөрдү жиберди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдө кечээ күнү жаан жаап, күн сууктаган. Ал эми бүгүн эртең менен саат 10:00дөр чамасында мөндүр жааган.

Бактуу-Долоноту айылында убактылуу жарык өчүп калганы айтылды.

ӨКМ нөшөрлөп жааган жаандан улам өлкө аймагында сел жүрүү кооптуулугу дагы деле сакталып турганын белгиледи.