Кыргызстандын улуттук волейбол командасы Орто Азия мелдешине сапар алды

Мелдеш 17-августта Өзбекстандын Ташкент шаарында башталат. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан командалары ат салышмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын Борбор Азия чемпионатындагы алгачкы атаандашы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 17-августта Өзбекстандын Ташкент шаарында башталат. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан командалары ат салышмакчы.

"Эрежеге ылайык, Өзбекстан мелдештин уюштуруучусу катары алгачкы беттешинде ким менен ойной турганын өзү тандайт. Алар Тажикстанды тандады. Биздин команда 17-августта алгачкы оюнунда Казакстан менен таймашат", — деген ал.

Кыргызстандын футболчулары Азия кубогуна даярдана баштайт
Мелдештин жадыбалына ылайык, улуттук команда 18-августта Тажикстан жана 19-августта Казакстан менен кездешет. 21-августта жарым финалы өтөт. Ал эми 22-августта мелдештин жеңүүчүсүн аныктаган финалдык оюн болот.

Кечээ, 15-августта, КРдин волейбол боюнча курама командасы Ош шаары аркылуу Өзбекстанга сапар алышкан.

Эске салсак, Кыргызстан курама командасы акыркы жолу казак өлкөсү менен 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында беттешкен. Анда улуттук курама жалпы 3:2 (27:29, 25:20, 23:25, 25:23, 15:7) эсебинде жеңишке жеткен болчу.