Улуттук банк бир ай мурда токтоткон операцияларын жандантты

Аталган операциялар эпидкырдаалдан улам 6-июлда токтотулган. Жаңы тыйындар чыкканына байланыштуу кайра жандандырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Улуттук банк бүгүндөн тарта алтын куймаларды жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу, эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу боюнча операцияларды жандандырганын кабарлады.

Өлкөдөн сыртка чыгарылган каражат жарым жылда рекорддук көрсөткүчкө жетти
Мындай чечим "Кыргызстандын көз карандысыздыгына — 30 жыл" аталышындагы тыйындардын жаңы коллекциясы сатууга чыкканына байланыштуу кабыл алынган.

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында сатылууда. Аны жумуш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин барып же www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу алууга болот.

Аталган операциялар эпидкырдаалдан улам 6-июлда токтотулган болчу.