"Талибан"* Афганистанда 20 жылдан берки согуш аяктаганын жар салды

Кыймылдын өкүлү талибдер бардык афган лидерлери менен диалогго даяр экенин жана аларды коргоого убада берилерин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылынын саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мухаммед Наим Афганистанда согуш аяктаганын жана өлкөдө башкаруу формасы жакында белгилүү болорун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Биз 20 жыл мурун өлкөбүздө башталган бул согушту токтоттук", — деди ал Al Jazeera телеканалынын эфиринде.

Афганистан боюнча 60 өлкө билдирүү жасады
Наим ошондой эле Афганистандын жашоочулары менен чет элдик дипломаттардын коопсуздугу кепилденерин белгилеген. Анын айтымында, талибдер бардык афган лидерлери менен диалогго даяр жана аларды коргоого убада беришет.

Ал кошумчалагандай, "Талибан"* эл аралык коомчулуктагы коркунучтарды сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө жана башка мамлекеттер менен байланышты бекемдөөгө даяр.

Буга чейин "Талибан"* Афганистандагы бир катар аймактарды, анын ичинде борбор калаа Кабулду ээлеп алган. Өлкө башчы Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибдер АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрүн чыгарып кеткенден кийин аракетин күчөттү. Бир нече жуманын ичинде кыймыл өлкөнү дээрлик толугу менен көзөмөлгө алууга жетишти.

*"Талибан" — террордук уюм деп табылып, Россияда ага тыюу салынган.