Гонконг менен Түркия Кыргызстандан малдын ич этин көп ала баштады

Кыргызстан ушул жылдын январь-июнь айларында малдын жүздөгөн тонна ичеги-кардын сыртка саткан. Египет жаңы кардарлардын катарын толуктады.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Өлкө биринчи жарым жылдыкта малдын 541,9 тонна ичеги-кардын чет мамлекетке саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылды.

Мекеме "Жаныбарлардын ич эти" товардык номенклатурасы боюнча маалымат берди. Алар жалпысынан 502,7 миң долларга бааланды.

Кыргызстандан ичеги-карын алган мамлекеттер:

  • Гонконг (Кытайдын аймактык району) — 360,7 тонна (өткөн жылдын ушул мезгилинде 266,2 тонна алышкан);
  • Вьетнам — 84 тонна (251,8);
  • Түркия — 77,4 тонна (10,6);
  • Египет — 19,8 тонна (0).

Былтыр ушул жылы 402,4 миң долларга 550,6 тонна ич эт экспорттолгон. Мында Гонконг менен Түркия көп сатып алып баштаса, Вьетнамга, тескерисинче, аз жиберилген. Ал эми Египет жаңы кардардын катарын толуктады, Мьянма такыр эле албай калган.