Төлөмдөр үчүн 2020-жылы май айында 50 миллион, сентябрда 178 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жалалидин Рахматуллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда дарыгерлерге 189 миллион сом компенсация төлөнгөн, ал эми бюджетте дагы 111 миллион сом каражат бар.
"Былтыр түшкөн 3 089 арыздын ичинен 1 117 иш каралып, аларга комиссия бир жолку компенсация төлөө чечимин кабыл алган. Ооруган 925 дарыгердин ар бирине 200 миң сомдон жана кызмат учурунда каза болгон 32 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон акча төлөп жетиштик. Тилекке каршы, 31-декабрда финансылык жыл аяктап калганына байланыштуу калган 212 адамга жөлөк пул берилбей калган. Өкмөт бул жылкы төлөмдөр үчүн 243 миллион сом каражат бөлдү. Ушул жылдын май айында 208 медикке каражат берилди. Ошондой эле каза тапкан бир дарыгердин үй-бүлөсүнө бир миллион сом төлөндү. Андан тышкары, дагы 448 медицина кызматкери компенсация алды. Ошентип жалпы 1 580 медицина кызматкерине 200 миң сомдон, 33 маркумдун үй-бүлөсүнө бир миллиондон компенсация которулду. 2020-жылы төлөмсүз калган дарыгерлер азыр компенсация алып жатышат. Ал эми өткөн жылы каралбай калган арыздарды учурда ар бир ооруканада иштеген атайын комиссиялар кароодо", — деди Рахматуллаев.
Аткаминер учурда компенсация төлөөгө каражат бар экенин, андыктан министрлик медицина кызматкерлерине жөлөк пул берүүнү улантарын кошумчалады.