Кабулдун аэропортундагы башаламандык. ЖМК канча адам набыт болгонун жазды

Алдын ала маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында Американын самолётуна жармашып кетүүгө аракет кылган афгандыктар болгон. Алар учак көтөрүлгөндө жерге кулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Афганистандын борбору Кабул аэропортунда жай тургундарды коопсуз жайга чыгарып кетүүдө жаралган башаламандыкта 10 киши каза болду. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс маалымат булагына таянып РИА Новости жазды. 

Алдын ала маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында Американын самолётуна жармашып кетүүгө аракет кылган афгандыктар болгон. Алар учак көтөрүлгөндө жерге кулаган.

Буга чейин афгандык ЖМКлар Кабул аэропортунда американын транспорттук учагынан адамдар жерге кулаган кадрларды чыгарышкан. Алар болжол менен учактын шассисине илешип алып кетүүгө аракет кылган афгандык тургундар экени айтылууда.

Борбор Азиядагы бир туугандар, сак бололу! Кадыров Афганистандагы абал тууралуу
Аl-Jazeera телеканалы дипломатиялык кызматтын өкүлдөрү отурган тик учактардын байма-бай каттаганынан улам аэропортто башаламандык орун алганын билдирди. Каналдын маалыматы боюнча, аэропорттун аймагына кире бериш жерде “Талибдерден”* качууга аракеттенген адамдар чогулган.

Бир нече апта мурда Америка аскерлерин чыгарып кеткенде Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алган. Кийинчерээк талибдер президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда ал каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү “Талибдердин”* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу форма киргизилерин жар салды.

“Талибан”* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.