Талкаланган үйлөр, уранды алдынан табылган кишилер. Гаитидеги зилзаладан 12 сүрөт

Sputnik

14-августта эртең менен Гаити өлкөсүндө күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Андан кийин күчү 5,2 жана 5,8 баллга жетип, жер эки ирет силкинген.

Аталган мамлекеттин премьер-министри Ариэль Генри бир айга өлкөдө өзгөчө абал жарыялаганы айтылды. Азыркы тапта Гаити "Грейс" деп аталган тропикалык катуу шамалга даярданып жаткан чагы.

Зилзаладан талкаланган имараттар. Күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө Гаитиде 14-августта катталды.

 

1 / 12
Жаратылыш кырсыгынан кийин үй-жайсыз калган тургундар
2 / 12
Акыркы маалымат боюнча, жер титирөөдөн 1 297 бейтап каза болду
3 / 12
Гаитиде күчү 5,2 жана 5,8 баллга жетип жер бир нече ирет силкинди
4 / 12
Зилзаладан 5 000ден ашык адам жабыркаган
5 / 12
Тамтыгы чыккан имараттардын, жайылган элдин асмандан көрүнүшү
6 / 12
Премьер-министр Ариэль Генри өлкөгө бир айга өзгөчө абал жарыялады
7 / 12
Жер титирөөдөн айрым имараттар толугу менен талкаланса, кээ биринен жарака кеткен
8 / 12
Аларда кайра жашоо кооптуу
9 / 12
БУУ Гаитиде зилзаладан жабыркагандарга аз дегенде 8 миллион доллар берерин убадалады
10 / 12
Уранды алдынан табылган бөбөк
11 / 12
Айттырбай келген жаратылыш кырсыгынан азап чеккендер
12 / 12
Куткаруучулар азыркыга дейре уранды алдында калгандарды издеп жатканы айтылды