БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын жумушчулары Кыргызстандын эгемдендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 30 клумба жасашты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 31-августунда өлкөнүн эгемендүүлүк алганына 30 жыл болот.
"Биз эгемендүүлүктүн символу кылып шаардыктарга жана калаага келген коноктор үчүн атайын эң кооз 30 клумба даярдадык", — деп жазылат маалыматта.
Майрамдык клумбалардын жайгашкан жери:
- Жаштар аллеясы;
- Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алды;
- Өкмөттүк скверлер;
- Эмен багы;
- Түштүк магистраль;
- Ахунбаев менен 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан "Ынтымак-2" паркы;
- Чолпон-Ата көчөсү.