Бишкекке дагы 350дөй автобус алуу үчүн меморандумга кол коюлду

Муниципалитеттин маалыматына караганда, автобустардын узундугу 10-12 метрге жетет. Транспорт дүйнөлүк стандартка шайкеш келет.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкек шаарына 2021-2022-жылдар аралыгында түркиялык 300-350 автобус сатып алуу пландалып жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Узундугу 10-12 метрлик автобустардын биринчи партиясы үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында алып келинет. Меморандумга мэриянын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгы менен "Грин Бас" ЖЧКсы кол койду.

Транспорт дүйнөлүк стандартка шайкеш келет.