Радио

Конушалиев: Алтай цивилизациясы камтылган өлкөлөргө экспедиция уюштурулат

Туризм боюнча адис Максат Конушалиев "Бабалар баскан жол менен" деген аталыштагы ири экспедиция уюштурулуп жатканын айтты.
Sputnik

Алтай цивилизациясына кирген эл жашаган өлкөлөрдү кыдырган чоң тарыхый экспедиция уюштуруп жатабыз. Бул тууралуу Максат Конушалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Конушалиев: Алтай цивилизациясы камтылган өлкөлөргө экспедиция уюштурулат

Анын айтымында, аталган саякат кийинки жылга пландаштырылууда.

"Мен өзүм Орто Азияны тегерете кыдырып келдим. Памирлик кыргыздарга алты ирет баргам. Анан да Алтай, Тыва, Хакасия республикаларына барганымда өзүмдү мекенимде, үйдө жүргөндөй эле сездим. Бул жактагыдай эле кыргызча сүйлөсөң түшүнүшөт, чоң шаарларында орусча баарлашышат. Ырым-жырым, салт-санааларыбыз да дээрлик бирдей. Алар деле биз сыяктуу арча түтөтүшөт. Айырмасы — динибиз башка, бирок өтө чоң ажырым жок деп айтсак болот. Азыркы Алтай Монголия — Кытай — Казакстан жана Россиянын ортосунда калып, өзүнчө бөлүнүп калбадыбы. Негизинен алып караганда мурда ата-бабаларыбыз бүтүндөй эле ушул жерлерди мекендешкен да. Биз мына ошол муундун басып өткөн изине түшүп, Алтай цивилизациясын камтыган мамлекеттерге экспедиция жасасак деп турабыз. 2020-жылга пландалды эле, тилекке каршы, пандемиядан улам ишке ашпай калды. Эми 2022-жылга мерчемдеп жатабыз. "Бабалар баскан жол менен" деп аталган саякатыбыз 2-3 айга созулуп, курамына ар кайсы тармактын адамдары кирет",— деди Конушалиев.

Ал экспедицияны уюштурууда чек ара жана каражат маселелери биринчи кезекте чечилиши зарылдыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: