Афганистандын президенти 4 унаага акчаны жык толтура качканы айтылды

Президент Ашраф Гани кечээ талибдер менен сүйлөшкөндөн кийин кызматтан кетүүгө макул болгон. Ал өлкөдөн чыгып баратып бир топ акча каражатын алып кеткени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Афганистандын президенти Ашраф Гани Кабулдан качып баратып унааларга акча жүктөп кеткен, каражаттын бир бөлүгү аэропорттун учуу тилкесинде калган. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын элчилиги билдирди.

"Режимдин кыйрашы Ганинин Афганистандан качканы менен мүнөздөлөт. Ал төрт унаага акчаны жык толтуруп кеткен. Каражаттын дагы башка бөлүгүн тик учакка салышкан, бирок баары батпай калган. Натыйжада акча аба майдандын учуучу тилкесинде калган", — деген дипломатиялык миссиянын маалымат катчысы Никита Ищенко.

Кечээ, 15-августта, Афганистанда бийлик алмашты. "Талибан"* кыймылы Кабулду басып алып, президент Ашраф Гани тактан кулап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Алгач Гани Кабулдан Тажикстанга учуп кеткени, ошол жактан үчүнчү өлкөгө сапар алары айтылган болчу. Бирок Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн.

* Талибан — Кыргызстан жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм