Талибдер чабуул койгон Кабулдун азыркы көрүнүшү. Түз эфир аяктады

15-август күнү "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, бир эле провинцияны эске албаганда Афганистанды толугу менен өзүнө каратканын жар салды.
Sputnik

15-август күнү талибдер Афганистандын борборуна кирип келип, президенттик сарайды алышты. ЖМКлардын маалыматы боюнча, мурдагы бийликтин бир катар лидерлери, анын ичинде президенттиктен кеткен Ашраф Гани Өзбекстанда экенин жазып чыгышты.

Дүрбөлөңгө түшкөн афгандар Кабулдун аэропортуна келип, учактарга жармашып өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет жасашты.

ЖМКлардын жазганына караганда, өлкөдөн аба каттамдары менен гана чыгып кетүүгө болот. Ар дайым жүрө турган каттамдар жок. Учурда аскердик-транспорттук самолёттор эле учуп жатат.

*"Талибан" — Кыргызстан жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм