Россиянын элчиси талибдер Кабулда өздөрүн кандай алып жүргөнүн айтты

15-август күнү "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратканын жар салды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг.— Sputnik. "Талибан"* кыймылынын мүчөлөрү афган калаасын коомдук тартипке келтирип жатат. Бул тууралуу Россиянын Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Талибдер Кабул шаарын акырындан өздөштүрө баштады. Алар коомдук тартипти жөнгө салууда", — деди Жирнов.

Мындан сырткары, ал Россия элчилигинин имаратын кайтарган афган аскерлери кетип, алардын ордуна талибдер келгенин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-август күнү, "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Бүт чек ара өтмөктөрүнө да көзөмөл кылууда. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.

*"Талибан" — Кыргызстан жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм