БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Коронавирус менен ооруп айыккан жаштар нерв системасынын иштөөсүнөн өзгөрүүлөрдү байкашат. Бул тууралуу "Известия" АКШнын окумуштууларынын айтымына таянып кабарлады.
Илимпоздор алты айдын аралыгында 20 жаштан 24 жашка чейинки 30 адамга байкоо жүргүзүп көргөн. Анын 16сы коронавирус жуктуруп айыккандар эле. Анда дартты жеңгендердин нерви беркилердикине салыштырмалуу эс алып жаткан учурда да катуу чыңалганы байкалган.
Адистер булчуңдардын активдүүлүгүн текшерип жатып коронавирус менен ооруп айыккандардын нерв системасы ашыкча активдүү болгонун аныкташкан.
Окумуштуулардын байкоосуна катышып жаткандардын колун эки мүнөткө муздак сууга салып койгондо алардын нерв системасынын активдүүлүгү басаңдап калган. Мында ооруп айыккандар башкаларга караганда ооруну азыраак сезишкен.