Өзбекстан АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн "запастык аэродромуна" айланабы?

Кошмо Штаттар Афганистандан чет элдик аскердик контингентти чыгарган соң "күчүн проекциялоо" үчүн ыңгайлуу аянтчалардын бири катары мурдагыдай эле Өзбекстанды карап жатат.
Sputnik

Кабулдагы азыркы өкмөттү горизонт сыртынан колдоо үчүн Кошмо Штаттардын Аскердик-аба күч бөлүгүн Өзбекстандагы Карши-Ханабад авиабазасына жайгаштыруу жөнүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөр дале уланууда. Иш кызыды.

Соңку чечим америкалык сунуштардын жагымдуулугуна, Өзбек Республикасынын конституциялык тыюу салууларды жеңүү формасына, ЖККУ жана Россиянын позициясына жараша кабыл алынары түшүнүктүү. Чөлкөмдөгү ушул жагдайды аскерий баяндамачы Александр Хроленко талдаган.

Афганистандан чет элдик аскердик күчтөр чыгарылгандан кийинки "Талибандын"* ийгиликтери артып турган маалда Ташкент менен Вашингтондун аскердик кызматташтыгы да бекемдеп барат.

Өзбек өкмөтүнүн расмий өкүлү 12-августта америкалык Air Force Magazine басылмасына Өзбекстанда АКШ Аскердик-аба күчтөрүнүн бөлүгүн жайгаштыруу жаатында сүйлөшүүлөрдүн уланышы туурасында билдирди.

2001-жылы Афганистанда АКШнын контртеррордук операциясы башталганда америкалык авиация Өзбекстандын түштүк-чыгышындагы Карши-Ханабад авиабазасын 2005-жылга дейре ийгиликтүү пайдаланган. Ал жакта Пентагондун Атайын операция күчтөрү, 10-тоо аткычтар дивизиясынан 1000 чакты киши жайгашкан. Америкалыктар жылына ижара акысына 10 млн. доллар төлөп турган.

Air Force Magazine маалыматтарына таянсак, бүгүнкү күндө Карши-Ханабадда Өзбекстандын Аскердик-аба күчтөрүнүн 60-аралаш авиациялык бригадасы жайгашкан, башкача айтканда, учуп-конуу үчүн тийиштүү инфраструктура бар.

Шойгу менен Байден күрөшкө үндөйт, бирок эки башка багытта
Афганистан менен чек арага чейинки 140 чакырымдык аралык коопсуздук үчүн жетиштүү аймакты камсыз кылып, талибдердин позицияларына абадан сокку уруу үчүн Катардан учканга караганда кыйла кыска убакыт сарптап, азыраак күйүүчү май (акча) чыгымдоого мүмкүндүк берет. Бирок АКШ аскердик авиациясынын Өзбекстанга кайтышы оңой-олтоң болбойт. Буга 2005-жылы 12-13-майдагы унутулгус Анжиян окуяларынан, же бир катар америкалык сенаторлор жана аскердик-аба күчтөрүнүн көз карандысыз өлкөнүн иштерине жеке аралашуусу (өзбек куралдуу согушкерлерин жана диний экстремисттерди Кыргызстанга жана андан ары Румынияга көчүрүү) гана жолтоо эмес.

Өлкөнүн Конституциясы жана аскердик доктринасы Өзбек Республикасынын территориясына чет элдик күчтөрдүн жайгашуусуна жол бербейт. Мындан тышкары, Борбор Азияда коопсуздуктун белгилүү бир тутуму түзүлүп калды.

Анда ар бир өлкө өз союздаштары менен стратегиялык өнөктөштөрүнүн, анын ичинде Россиянын алдында жоопкерчилик жана милдеттенмелердин үлүшү бар. Чөлкөмдө Россия Федерациясын 2030-жылга чейин негизги кас катары белгилеген Кошмо Штаттардын аскердик күчтөрүнүн болушу Россиянын, ЖККУга мүчө болгон борбор азиялык өлкөлөрдүн, Өзбекстан менен Түркмөнстандын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына туура келбейт.

Чек арадагы айбат

Август айынын алгачкы он күнүндө Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын куралдуу күчтөрү Афганистан менен чектешкен жердеги Термез жана Харб-Майдон полигондорунда атайын багыттагы күчтөрдүн, зооттолгон техника, артиллерия, сокку уруучу авиациянын катышуусунда биргелешкен машыгууларды өткөрүштү. Түштүк стратегиялык багытта да аскердик интеграцияны өркүндөтүүгө даяр. Өзбекстан ЖККУнун курамына кирүүгө ашыкпайт, бирок бул кадамга каалаган убакта кире аларын белгилей кетели. Дээрлик бир эле убакта, андан соң Борбор Азиядагы кырдаалга басым жасоо менен 10-12-августта Курганда Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын чек ара күчтөрү "Шериктештик – 2021" биргелешкен командалык-штабдык окуу өткөрүштү. Катышуучулар парашютсуз түшүү, ок атуу менен тактикалык окуулар, учкучсуздарды пайдалануу жана башка ыкчам аракеттерди аткарууга машыгышты. "Шериктештик – 2021" тышкы чек араларды кайтаруунун бүтүндөй системасын бекемдөөгө, КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугун арттырууга өбөлгө болмокчу.

Америкалыктар менен талибдерге дубай салам. Россия менен Кытайдын машыгуусу
Мурдараак россиялык инструкторлор (Борбордук аскердик округдун Сирияда согуштук тажрыйбасы бар мыкты офицерлери) Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн 300дөн ашуун аскерин Термез жана Сазаган полигондорунда даярдашты. Программа мотоаткычтар бөлүктөрүнүн курамындагы күндүзгү жана түнкү тактикалык сабактарды, заманбапташтырылган БТР-82 куралдарын колдонуу менен ок атуу даярдыгы, гранатомёттордон көзөмөлдөөчү ок атуу көнүгүүлөрү, учкучсуздарды пайдалануу менен артиллериядан ок атуу жана аны тескөө боюнча сабактар камтылган.

Өзбекстан жана Россия күчтөрдү ыкчам жана аскердик даярдыктан өткөрүү үчүн 70тен ашуун биргелешкен иш-чараны жыл сайын өткөрөт. Ташкент менен Москванын аскердик кызматташтыгы – чөлкөмдөгү туруктуулукту сактоонун маанилүү фактору. Афган ислам республикасында айыгышкыс салгылаш, талибдердин жаңы "эмирлик" түптөө пландары Өзбек Республикасы менен Россия Федерациясынын тышкы саясий позицияларын жакындаштырып турат.

Эки өлкөнүн коргоо мекемелери 28-апрелде биринчи ирет 2021-2025-жылдарга карата Аскердик тармакта стратегиялык өнөктөштүк программасына кол коюшкан. Анда аскердик коопсуздукту камсыздоо боюнча эки тараптуу иш-чараларга, эл аралык терроризм менен биргелешкен күрөшкө, Өзбекстан Армиясынын аскердик дараметин чыңдоого артыкчылык берилет.

Россиялык курал-жарактардын кеңири спектринде Ташкент өзүнө заманбап сокку уруучу авиацияны, абадан коргонуунун дүйнөдөгү эң мыкты тутумун, эффективдүү жана ынанымдуу зооттолгон техникасын тандайт. Ал эми Кошмо Штаттар Өзбекстанга эмне сунуштай алат?

Болжолдуу сценарийлер

АКШ Коргоо министри Ллойд Остин жана Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 1-июлдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө террорчулукка каршы күрөшүүдөгү кызматташтыкты талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы коопсуздук жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү тастыкташты. Ошону менен бирге эле Остин Кошмо Штаттар Борбор Азия өлкөлөрү менен "коопсуздуктун жалпы көйгөйлөрүн чечүү үчүн" ишти улантарын белгиледи. Орток көйгөй – Афганистан.

Өзбекстандык аскердик аткаминер 12-августта Air Force Magazine журналына Остин менен Камилов 1-июлда талибдерди "ооздуктоо" үчүн Өзбекстанда аскердик авиацияны жайгаштыруу тууралуу да кеп козгошконун кабарлаган. Анткен менен Ташкентте Өзбек республикасынын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү: "Коргоо тармагындагы негизги документтерде бул маселе боюнча: өлкө өз аймагында чет өлкөлүк аскердик база жана объектилердин жайгашуусуна жол берилбестиги тууралуу ачык-айкын жооп бар", — деп так кесе билдирген. Башкача айтканда, май айында эле терс жооп алганы менен америкалыктар дале өжөрлүк менен өзбек жетекчилиги баш тарта албай тургандай варианттарын, жолдорун издөөдө.

Баасы асман чапчыган америкалык ракеталардан майнап чыкпады. Сереп
Миссисипи штатынын Улуттук гвардиясы менен өнөктөштүктөн чоң пайда келери, өзбек учкучтары менен Southern Strike биргелешкен окуулары, Өзбекстан жана АКШнын аскердик билим берүү жаатында өз ара аракеттешүүлөр баса белгиленүүдө. Булардан сырткары Америка Өзбекстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери реформаларга багытталган көмөктөрүн эбегейсиз көлөмдө көрсөтүп келет. Ошол себептен өз "инвестицияларынын" кайтарылышына үмүт артууга акысы бар.

Зарыл болсо чет өлкөлүк объектини биргелешкен машыктыруучу же логистикалык борбор деп атап коюуга да болот. Ошентсе да Пентагондун Борбор Азияда орун алышы кыйратуучу "касиетке" ээ, муну Афганистан, Ирак, Сириядагы ондогон жылдарга созулган согуштук аракеттер менен далилденип отурбайбы.

Афганистандан аскердик аэродром жана башка объектилердин Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан же Кыргызстанга которулушу Ислам республикасындагы согуштук аракеттердин логикасын алмаштыра албайт. Чөлкөмдүн коопсуздугунун азыркы тутумуна коркунуч туудурат. Эгер Пентагон жана анын НАТО боюнча союздаштары 20 жыл ичинде Афганистандын аймагында талибдер менен согушта ийгиликке жетише албаган соң Борбор Азияга америкалык күчтөрдү көчүрүлгөн күндө деле эч нерсе өзгөрүп кетпейт.

Балким, Афганистан – Кошмо Штаттар үчүн чөлкөмдө Россия менен Кытайды ооздуктоо үчүн шылтоо гана болуп жүрбөсүн. Мындай саясат борбор азиялык өлкөлөргө ого бетер кооптуу.

Конституциялык "табу" жана ЖККУнун позициясы Пентагондун Өзбекстанга карата "горизонттон тыш" пландарын ишке ашырууну чындап эле ооздуктап турат. Бирок Афганистандагы абалдын азыркыдан да курчушу аскердик-саясий компромисстин аймагын түзүшү мүмкүн. Андай шартта Вашингтон адегенде Москва менен сүйлөшүүдө мамилесин өзгөртүп, тирештин стратегиясы жана концепциясын түзөтүүгө тийиш. Чөлкөмдөгү дагы бир үлкөн оюнчу – Кытай эл республикасынын позицияларын эске албаганда азыр координаттардын жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы ушундай.

* – Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.