ЖМК: талибдер Афганистандын бардык чек ара бекеттерин көзөмөлгө алды

Афганистандан эми Кабулдагы аба майдан аркылуу гана чыгып кетүүгө мүмкүн болуп калды. Өлкөдөгү абал кескин курчуп баратат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. "Талибан"* радикалдык кыймылы Афганистандын бардык чек ара бекеттерин көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Associated Press агенттигине саясатчылардын бири кабарлаганын РИА Новости жазды.

Ага ылайык, эми өлкөдөн Кабулдагы аба майдан аркылуу гана чыгып кетүүгө болот.

Кабул мамлекеттерди элчилерин тез арада чыгарып кетүүгө чакырды
Афганистанда абал курч, "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Мазари-Шариф жана Джелалабад шаарларын басып алды. Акырындан Кабулга дагы чабуу коюп келе жатышат.

Кээ бир маалымат каражаттары "Талибан" кыймылына таянуу менен бүгүн "жеңиш жарыялана турганын" жазышууда.

"Талибан" ислам өкмөтүн түзүүнү көздөп жатат, расмий Кабул буга макул эмес. Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп кеткен. 

*"Талибан" — террордук уюм деп табылып, ага Россияда тыюу салынган