БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. "Талибан"* радикалдык кыймылынын өкүлдөрү Афганистандын бардык аймагына толук көзөмөл орнотконун жар салды. Бул тууралуу Al Arabiya телеканалына таянуу менен Sputnik радиосу жазды.
Учурда президенттик администрациянын имаратында "Талибандын" делегациясы өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бийликти өткөрүп алууну талкуулап жатат.
Ага чейин Афганистандын президенти Ашраф Гани кызматын бүгүн эле өткөрүп берүүнү ниеттенип жатканы маалым болгон.
Афганистанда акыркы убакта абал кескин курчуп кетти. Талибдер Кабулга согушу жок эле кирүү боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок шаардын чет жакаларында согушкерлер менен мамлекеттин аскерлери тирешип жатканы айтылган.
*"Талибан" — террордук уюм деп табылып, Россияда ага тыюу салынган