Насирдин Исанов эгемен Кыргызстандын түптөлүшүнө зор салым кошуп, кыргызстандыктардын сүймөнчүгүнө айланган. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болду. Бүгүнкү күндө анын жаркын элесине эл терең ызаат менен мамиле кылат. Исановго окшогон инсандарга калктын суусап турган учуру. Уулу Алмаз менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.
— Насирдин Исановдун теги тууралуу айтып бересизби?
— Атам 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында төрөлгөн. Чоң атам Исан Матмусаев райондогу №44 асыл тукум жылкыларды даярдаган заводдо бригадир болчу. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери эле. Кан майданда жаракат алган. Район эли сыйлап турчу. Тегеректеги айылдардын тургундары калыс деп ич ара маселелерди чечүүгө көп келишчү экен. Чоң энем Алима Матмусаева үй кожейкеси болчу. Атам төрт бир тууган эле, үч эркек, бир кыз. Улуу агасы менен карындашы каза болгон. Азыркы учурда эң кичүү акем Абдрашит чоң атамдын үйүндө жашайт.
Атам Көк-Бел кыштагында сегиз классты бүтүргөн. Андан кийин 9 жана 10-классты Папан айылындагы орто мектепте окуган. Күн сайын сегиз чакырым жол жүрүп мектепке барып келчү экен.
— Эмнеден улам курулушчу адистигин тандап алган экен?
— Мектепте атамдын математикага шыгы байкалат. Советтер Союзунун учурунда жаш мугалимдерди борбордон элетке жиберчү эмес беле. Ошондой мугалимдердин бири Кыдырмышев (анын ысымы эсимде жок) атамдын жана анын бир нече классташынын жөндөмүн көрүп, талантын өрчүтүүгө аракеттенип 1961-жылы Москвадагы Куйбышев атындагы инженер-курулуш институтуна тапшырууга кеңеш берген экен. Атам классташтары менен ушул жогорку окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүнүн инженер-куруучулук адистигине тапшырат. Элеттен келген балдарга абдан жардам бергиси келип, баарын "Айчүрөк" дүкөнүнө алып барып "бут кийим тандагыла, менден силерге белек болсун" дейт. Атам эмнегедир кызыл түстөгү туфлини тандаган экен. "Ушул өң жактыбы" деп агайы кайра-кайра сурап жатып алып бериптир. Балдарды өмүрүндөгү биринчи алыскы жолго агайы ушинтип узаткан экен.
— Адегенде Москвада абдан кыйналышса керек?
— Эмгек жолу кайсы жерден башталды?
— 1966-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган соң атам Ош шаарына кайтып келет. Ошол эле жылы энем Бүзыйнат да Ош педагогикалык институтунун биология факультетин бүтүрүп, экөө баш кошкон. Атам дароо жумушка киришет. Адегенде "Ошгорстрой" ишканасынын СМУ-5тин мастеринен баштап башкы инженер кызматына чейин жетет. Мындан сырткары, ал Ош шаарындагы политехникалык институттун филиалынын сырттан окуу бөлүмүндө "Материалга каршылык көрсөтүү" предмети боюнча сабак берчү экен. Мен билгенден бул убакытта батирде турган ата-энем материалдык жактан абдан кыйналыптыр. Жубайларга таята-таенем чоң көмөк көрсөткөнүн айтышчу. 1968-жылы 22-сентябрда улуу эжем Мария төрөлөт. 1974-жылы 27-июлда мен жарык дүйнөгө келдим.
Атамдын жылдызы талыкпас эмгектин аркасы менен жанды деп айтсам болот. Ал адистиги боюнча илимий макалаларды чыгара баштайт. Ош шаарындагы салынып жаткан объект тууралуу сын пикир жазып, аны Ош облусунун жетекчиси Султан Ибраимов окуп, өзүнө чакыртат. Атам пикирин айтып, өзүнүн терең көз карашы бар адам экенин көрсөтөт. Бул жолугушуудан кийин 1972-жылы Ош обкомунун идеология бөлүмүнүн инструктору болуп, 1974-жылы Токтогул ГЭСинин курулушундагы комсомол уюмунун жетекчилигине которулган. Ал жерде эки жыл партком болуп иштеген. Андан кийин Ош облусунун аткаруу комитетинин комсомолунун биринчи катчылыгына дайындалып, бул кызматта эки жыл иштеди.
— Апаңыздын үй-бүлөсүчү?
— Таенем Рабия Жуманазарова да Көк-Бел айылынын кызы. Ал эми таятам Агибай Коштаевдин теги Казакстандын Костанай аймагынан, бардар үй-бүлөнүн баласы экен. Ата-энеси орус тилдүү мектептен окутуптур. 1930-жылдары коллективизация учурунда үй-бүлө Кытайга качууга мажбур болот. Ал эми таятамды энеси Кыргызстан жакка качырыптыр. Себеби алар совет-кытай чек арасынан өтө албай калса, бардыгы репрессияланмак экен. Арабыздан бирөө аман калсын десе керек. Таятам Ноокат районунун Көк-Бел кыштагына жөө жалаңдап жетиптир. Анын билимдүү экенин баамдаган жергиликтүү жетекчилик айыл өкмөтүнүн катчылыгына дайындайт. Андан соң Ноокат районунда №44 асыл тукум жылкыларды даярдаган заводдун бухгалтери болуп иштеген. Дал ушул себептен улам жетекчилик Улуу Ата Мекендик согушка жиберген эмес экен. Бул кызматта таятам 45 жыл иштеди. Казак, кыргыз жана орус тилинде мыкты сүйлөчү. Абдан камбыл жана калыс эле. Таенем Рабия Жуманазарова айылдагы тың турган үй-бүлөнүн кызы болчу. Таятамдын зиректигин байкап таенемдин ата-энеси экөөнү үйлөнтүп койгон экен. Атам менен апам коңшу көчөдө өскөн.
— 1970-жылдардын ортосунда Насирдин Исанович Фрунзеге которулуп, акырындык менен республикалык масштабда иштей баштаган турбайбы?
Ал эми апам "Мугалимдер гезити" басылмасында жооптуу катчынын орун басары болуп иштеген.
— Сиздерге бош убактысында гана көңүл бөлө алчу тура?
— Оштон Фрунзеге которулуп келгенде бизге азыркы Жибек жолу менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинен төрт бөлмөлүү үй берилген. Кошуналарыбыз менен аябай жакшы мамиледе болчубуз. Үйдөгү шкаф, стол жана стулдарды атам экөөбүз жасаганбыз. Атам бул эмеректердин бардыгынын чиймесин өзү чийип, тактай менен фанераларды сатып алып, столярдык станокто жасаган. Техникага аябай жакын эле. Үй чарбасы боюнча бүт жабдыктарды сатып алып, бардык жумуштарды өзү жасачу. Бүгүнкү күндө да анын сатып алган жабдыктарын таберик катары сактап жүрөбүз. Байтик кыштагынын жанында дачабыз бар. Атам курулуш министри болуп туруп ошол үйдү, мончо жана жер төлөнү өзү салды. Жогорку кызматкер экенине карабастан күрөк жана балка кармап өзү үй салып жүрөт деп кошуна-колоңдун баары таң калчу. Көчөдө үйдү биринчилерден болуп баштап, акыркы болуп салып бүттүк. Кошуналардын көбү атама келип курулуш боюнча кеңеш сурашчу. Алма бакты да өзүбүз отургуздук. Ошентип жети жыл бою дем алышта дачага үй-бүлөбүз менен барып жүрүп, ушул үйдү салдык. Азыр ойлосом, атам ушинтип кара жумуш жасап ырахат алчу экен. Тамашакөй, жупуну жана колдо болгон нерсени абдан баалачу. Мени да эмгекке үйрөттү.
Борбор калаадагы физика-математикалык багыттагы №61 мектепте окуп жүрүп 4-класста электроникага кызыгып калдым. Атамдан башкасынын баары каршы чыкты. Ал мени колдоп, атайын бөлмө жасап, станок сатып берип, текчелерди жасап, электр жарыгын өткөрүп берген. Ал жерден микросхемалар менен электрондук платолорду жасачумун, биринчи радиомду чогулткам. Ошол маалда кичинекей балдар менен өспүрүмдөрдүн арасында союздук илим жана техниканын "Жаш техник" аттуу журналы абдан популярдуу болчу. Журналдын станциясына барып техника боюнча тажрыйба топточумун. Ошол убакыт биздин үй-бүлөнүн эң бактылуу учуру экен.
— 1985-жылдан баштап СССРде кайра куруу саясаты башталды. Насирдин Исановичке таасири абдан билинсе керек?
— Ооба, өлкөдө чоң саясий өзгөрүүлөр башталганы байкалып турду. Эс тартып калган учурум эле. Атам ошол убакыттагы системанын айрым ыплас көрүнүштөрүнө каршы күрөшкөндүктөн жумушунда кысым күчөп, оор күндөр башталды. Буга карабастан ал Москвадан экономика илими боюнча "Курулуш комплекстер боюнча реформа жүргүзүү" темасында кандидаттык ишин коргоду. Илимий эмгек бийик тоолуу шартта гидроэлектростанцияларды чарбалык эсепке өткөрүүгө арналган. Ушул тармак боюнча Кыргызстан мол тажрыйбага ээ болгон. 1988-жылы атам көрүнүктүү мамлекеттик ишмер маркум Жумгалбек Аманбаев менен Ысык-Көл жана Нарын облустарын бириктирүү планын ийгиликтүү ишке ашырды. Бул жаңы аймактын борбору Балыкчы шаарына көчүрүлгөн. Балыкчыга атам өзү эле көчүп барып, баш көтөрбөй күнү-түнү иштеди. Кабинети да жок эле, автобазадагы бир бөлмөдө эмгектенди. Балыкчынын алдында экологиялык тозотту курдуртуп, пляжын тазалатып, үйлөрдү салдыртып, ишканаларды жандандырган. Бул максатта Москвадан каржы бөлдүргөн. Ушундай эмгеги үчүн ал эки аймактын элинин сүймөнчүгүнө айланды. Ошол маалда атамдын кеменгерлик сапаттары даана көрүндү окшойт. Бүгүнкү күндө да Ысык-Көл жана Нарын аймактарында атам менен чогуу иштеген кызматкерлер ал маалды кайра жаралуу доору болгон деп айтышат. Бул эмгеги үчүн "Ардактуу белги" жана "Эмгек Кызыл Туу" ордендери менен сыйланган. 1990-жылы атамды туу тутуп эки чөлкөмдүн Кыргыз ССРинин президенттигине талапкерлигин колдоп чыкканы ага көрсөтүлгөн терең ишеними болгон деп ойлойм.
— Ошол убакытта сиз окуп жаткансыз да?
— Анда мен Новосибирск калаасында жайгашкан Академиялык шаарчадагы физика-математикалык мектебине которулуп, ийгиликтүү бүтүп калгам. 1991-жылы жайында Новосибирск мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетине сынаксыз өттүм. Ал дүйнө жүзүндөгү алдыңкы окуу жайлардын бири. Бирок санаам тынчыбай ата-энемдин жанына баргым келди. Ошол маалда атам Кыргызстандын биринчи премьер-министри болуп дайындалган. Өлкөдө социалдык-экономикалык жана саясий абал курч эле. Анын үстүнө жаңы эле Ош коогалаңы басылган. Атам өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык күчүн жумшады. Ошол эле убакта ал Кумтөрдөгү алтын кени боюнча кылмыштуу топ менен күрөш жүргүзүп жатты. Биринчи кезекте "бул кен Кыргызстанга пайда алып келиши керек" деген пикири душмандарына жаккан жок.
— Кандайдыр бир жамандыкты алдын ала сезе алдыңызбы?
— Ал жактан кайсы багытта билим алдыңыз?
— Бир жыл Анкара шаарында даярдоо курсунда окуп, 1994-жылы Орто Деңиз техникалык университетинин эл аралык мамилелер боюнча факультетине өттүм. 1999-жылы окууну ийгиликтүү аяктадым. Андан соң Түркиядагы Кыргызстандын элчилигинде референт болуп эмгек жолумду баштадым. Бирок 2000-жылы апамдын өтүнүчү менен Бишкекке кайтып, Тышкы соода жана өнөр жай, каржы министрлигинде иштедим. Андан кийин малайзиялык компания жана президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмүндө эмгек жолумду улантып, тажрыйба топтодум. Эжем экөөбүз Бишкекте атамдын эстелигин орнотууга көп күч жумшадык. Бул иш-чарага анын үзөңгүлөштөрү аябай көмөк көрсөттү. Айкел тургузууга катуу каршылык болду. Бирок раматылык премьер-министр Николай Танаевдин жардамы жана кийлигишүүсү менен 2003-жылы борбор калаабызда атамдын эстелиги орнотулду.
2004-жылы өлкөнүн Малайзиядагы элчилигинде биринчи катчы болуп иштедим. Андан соң Японияда жаш лидерлерди даярдаган мектепке өтүп, аны ийгиликтүү аяктадым. 2005-2019-жылдары ар түрдүү долбоорлор менен эл аралык компаниялар жана Экономика министрлигинде эмгектендим. 2019-жылдан бери Экономика министрлигинин курамындагы экономикалык саясатты изилдөөчү институттун директору болуп иштеп келем.
Эки уул жана эки кыздын атасымын. Эжем Мария эки кыздын энеси. Ал Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо бөлүмүн жетектейт.
Бүгүнкү күндө да атам жөнүндө эл жакшы гана пикир айтканын угуп, демек, ал чынында эле өмүрүн мамлекет үчүн арнаган экен деп сыймыктанам. Анын өмүр баянын карап "алтынды дат баспайт", "жакшы жат болбойт" деген макалдардын дааналыгына ынандым. Атам Кыргызстандын нагыз мекенчил уулу болгонун тарых далилдеди.