Радио

Жумакеев: пневмония болсо да ПЧР-тести терс чыккан врач компенсация албайт

Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев ПЧР-тест менен лабораториялык жактан тастыкталган COVID-19 жана пневмониянын ортосунда юридикалык айырма бар экенин айтты.
Sputnik

Мыйзам боюнча медицина кызматкерлери пневмония менен ооруп, бирок коронавируска карата ПЧР анализдери терс болсо компенсация берилбейт. Себеби пневмония жугуштуу илдет эмес. Бул тууралуу Азамат Жумакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Жумакеев: пневмония болсо да ПЧР-тести терс чыккан врач компенсация албайт

Анын айтымында, COVID-19 менен ооруган дарыгерлерге 200 миң сомдон төлөп баштаганда көп ак халатчандар ПЧР анализин жасалмалаган фактылар болгон.

"Бул абдан көйгөйлүү маселе болуп турат. Пневмония болуп ооруган дарыгерге каражат төлөнөбү деген суроо менен көптөгөн медкызматкерлер кайрылышат. Биз жөлөк пул төлөп беришибиз үчүн мыйзам боюнча дарыгер коронавирус жуктуруп алганын тастыктаган документ болушу керек. ПЧР анализи оң деген жыйынтыкты көрсөтсө дарыгер ооруганы чын деген далил кагаз болот. Ал эми пневмония жугуштуу ооруларга кирбейт. Бул вирустун артынан козголгон илдет болуп жатат. Эгер пневмония менен ооруп, бирок ПЧР анализи терс болгон дарыгерлерге да жөлөк пул берсек, биз ага эмненин негизинде төлөгөнүбүздү кантип далилдейбиз? Ал эми ИФА-тесттин негизинде компенсация алса болобу деген да суроо бар. ИФА-тест адамдын ооруганын болжол менен көрсөтөт. Кайсы учурда, кайсы мөөнөттө ооруганын көрсөтө албайт. Мындайча айтканда, аталган тесттин жыйынтыгы менен дарыгердин жумушта, башкача айтканда, кызматтык милдеттерин аткарууда инфекция жуктургандыгын далилдөө кыйын. Биз дагы төлөгөн каражат боюнча отчёт беребиз. Ошондуктан өтө дыкат иштеп жатабыз", — деди Жумакеев.

Ал компенсация төлөөдө дарыгерлерден вирусту кимден жуктурганын тастыктоо талап кылынбай турганын, болгону кызмат ордунда жуктурганы далилдениши керектигин кошумчалады.