Гаитидеги жүздөгөн кишинин өмүрүн алган жер титирөөлөр. Видео

Гаити өлкөсүндө күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталып, 300дөн ашуун киши көз жумду. Дагы миңдеген адам жаракат алып, аймактар зыян тартты.
Sputnik

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча ишемби күнү түштө катталган.

Алгач 7,2 баллдык жер титирөө болгон. Андан кийин 5,2 жана 5,8 баллдык бир нече жер титирөөлөр кайталанган.