Афганистандагы кыргызстандыктар эвакуацияланат. ТИМдин билдирүүсү

Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы кырдаалга жана саат сайын өзгөрүп турган саясий-аскердик абалга көз салууда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы жагдай тууралуу комментарий берди.

Маалыматта министрлик өлкөдө болуп жаткан абалга дыкат көз салып жатканы айтылат.

"Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги кадимки режимде иштөөдө. Тышкы иштер министрлиги менен элчилик Афганистанда убактылуу турган кыргызстандыктар менен дайым байланышта. Ошондой эле алардын коопсуздугун камсыздап, мекенине эвакуациялоо боюнча бардык чараларды көрүп жатат", — деп белгиленет билдирүүдө.

Эскерте кетсек, "Талибан" кыймылы өлкө борбору Кабулга өтө жакын келгени айтылган болчу. Акыркы маалымат боюнча, президент Ашраф Гани отставкага кетип, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.