БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Афганистандын президенти Ашраф Гани кызматын жекшемби күнү эле өткөрүп берүүнү ниеттенүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдарга таянуу менен РИА Новости кабарлады.
Учурда Кабулдагы президенттик администрациянын сарайында АКШ, НАТО жана "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Буга чейин Афганистандын ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучусу Абдул Саттар Мирзаквал Кабул чабуулга өтпөгөнүн жана бийлик тынчтык жолу менен берилерин айткан. Андан мурун талибдер эч кандай согушу жок эле шаарга кирүү боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзгөнү айтылган.
Кээ бир маалымат каражаттары "Талибан" кыймылына таянуу менен бүгүн "жеңиш жарыялана турганын" жазышкан.
"Талибан" ислам өкмөтүн түзүүнү көздөп жатат. Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп кеткен.
*"Талибан" — террордук уюм деп табылып, ага Россияда тыюу салынган