Ашраф Гани отставкага кеткени айтылды. Бийлик кимге өтөт?

Буга чейин ЖМКлар Афганистандын өлкө башчысы Ашраф Гани жекшемби күнү эле бийликти өткөрүп берүүнү ниет кылып жатканын жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Афганистандын президенти Ашраф Гани Ахмадзай отставкага кеткени айтылды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Маалымат расмий тастыктала элек.

"Талибан"* Афганистанды толук көзөмөлгө алганын жар салып, өкмөт башчы дайындалды
Жергиликтүү ЖМКлар бийлик Афганистандын 2003-2005-жылдардагы министри, Германиядагы мурдагы элчи Али Ахмад Жалалиге берилерин жазышууда.

Ошондой эле Гани өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгып кетиши үчүн учак даярдалгандыгы тууралуу да маалыматтар бар.

Буга чейин "Талибан"* делегациясы Кабулдагы президенттик сарайга өкмөт менен сүйлөшүү үчүн келгени маалым болгон. Жолугушууларга АКШ менен НАТОнун өкүлдөрү да катышты.

*"Талибан" — террордук уюм деп табылып, Россияда ага тыюу салынган.