Түндө Ысык-Көлдө чартылдаган чагылган элди чочутту. Видео

Кыргызгидромет буга чейин 13-16-август күндөрү абанын температурасы төмөндөп, жаан жаай турганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Түндө Ысык-Көлдө катуу чагылган болуп, жергиликтүү тургундар жаратылыштын өзгөчө кубулушуна күбө болушту.

Анын видеосун Facebook тармагына жүктөп жатышат.

Кадрдан күн катуу күркүрөп, чагылган чартылдап жатканын көрүүгө болот. Видеонун автору чагылган жарым сааттан бери токтобогонун, мурда мындайды такыр көрбөгөнүн айтууда.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, 13-16-август күндөрү абанын температурасы төмөндөп, жаан жаай турганын билдирген. Анда күн күркүрөп, катуу шамал болору да айтылган.