Талибдер бир жумада Афганистандын кайсы ири шаарларын басып алды? Карта

Согуш ачкан "Талибан" кыймылы ислам өкмөтүн негиздөө ниетинде жүрөт, бирок расмий Кабул буга макул эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. "Талибан" кыймылы Афганистандын аймактарын басып алууну улантууда, расмий бийлик менен кагылышуу күч алды.

Кечээ талибдер өлкөнүн ири шаарлары Герат менен Кандагарды басып алганы белгилүү болду. Инфографикадан 6-августтан 13үнө чейин Афганистандын кайсы аймактарын өзүнө каратып алганы көрсөтүлгөн.

"Талибан" кыймылы ислам өкмөтүн түзүү ниетинде жүрөт, расмий Кабул буга макул эмес. Кагылышуулар Америка аскер базасын Афганистандан чыгарып кеткенден кийин күч алды.