ЖМК: Россияда мушташка катышкан 26 кыргызстандык депортацияланды

Июль айында Москва шаарында борбор азиялыктар эки жаатка бөлүнүп уруша кеткен. Депортация болгондор 40 жылга чейин Россияга кире албайт.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг.— Sputnik. Россияда мушташка катышкан 26 мигрант Кыргызстанга депортацияланды. Бул тууралуу "Вести" басылмасы жазды.

Билдирмеге караганда, аларга 40 жылга чейин Россияга кирүүгө тыюу салынды.

"Соттун чечими менен 26 адам Россиядан чыгып кетти. Домодедово аэропортунан эки каттам Кыргызстанга учту. Анын бири Ошко, экинчиси Бишкек шаарына кетти. Мыйзам бузгандар өлкөгө 40 жылга чейин кире алышпайт", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, июль айында Москва шаарында борбор азиялыктар эки жаатка бөлүнүп уруша кеткен. Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан.

Мушташка катышкан мигранттар Россияга кирүү укугунан таптакыр ажырашы мүмкүн
Жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон. Сот 102 материалды карап, андан сырткары, кармалгандарды 15 күнгө камаган.

КРдин Ички иштер министрлигинин РФтеги өкүлчүлүгү мигранттарга кайрылып, мекендештерди Россиянын аймагында улуттук маселелерге тиешелүү жалган билдирүүлөрдү таратпоого жана бул өлкөнүн мыйзамдарын так аткарууга чакырган.