Кыргызстанда эң маанилүү курулуш материалдары канчага кымбаттаганы айтылды

Июль айында 50 килограмм цемент 357,6 сомдон сатылып, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 26,3 пайызга өскөн. Ал эми кирпичтин 1 миң даанасы 7 872 сомдон сатылды. Бул бир жыл мурдагыдан 21,3 пайызга жогору.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Цементтин чекене баасы бир жылдын ичинде 26 пайызга, кирпичтики 21,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

"Июль айында 50 килограмм цемент 357,6 сомдон сатылып, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 26,3 пайызга өскөн. Ал эми кирпичтин 1 миң даанасы 7 872 сомдон сатылды. Бул бир жыл мурдагыдан 21,3 пайызга жогору", — деп айтылат билдирүүдө.

Цементке болгон максималдуу баа Кара-Балта (50 килограммы 409,9 сом), Нарын (400 сом) шаарларында жана Чаек айылында (399,9 сом) катталды. Ал эми арзаны Жалал-Абад, Өзгөн (300 сом) жана Ноокат (320 сом) шаарларында сатылды.

Кыргызстанга импорттолгон буудай менен ун кошумча нарк салыгынан бошотулду
Ал эми кирпич тууралуу айтсак, чекене баалар Токмок (1000 даанасы 13 228,8 сом), Талас (12 000 сом) жана Исфана (11 000 сом) шаарларында жогору болсо, минималдуу баалар Кара-Суу (2 978,1 сом), Кербен (3 898,7 сом) жана Өзгөн (5 899,2 сом) шаарларында катталды.

Буга чейин Кыргызстандагы Курулушчулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев айрым курулуш материалдары 200%га чейин кымбаттаганын айткан. Ал бааны турукташтыруу үчүн коңшу өлкө менен өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, керектүү жабдууларды арзан баада алуу боюнча келишим түзүү керектигин кошумчалаган.