БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 520 кишиден табылып, 654 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 299;
- Ош шаары – 5;
- Чүй облусу – 88;
- Ош облусу – 14;
- Талас облусу – 7;
- Нарын облусу – 12;
- Ысык-Көл облусу – 39;
- Жалал-Абад облусу – 37;
- Баткен облусу – 19.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны
171 758ге жетти. Анын ичинен 162 104 адам ооруну жеңген.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирустан алты адам каза тапкан. Жалпысынан 2 439 вирустун курмандыгы болду. Азыркы маалда стационарда 2 216 бейтап, ал эми амбулатордук шартта 3 591 адам дарыланып жатканы кошумчаланды.