Казакстанда бир суткада коронавирустан 142 адам көз жумду

COVID-19дан каза болгон адамдын үй-бүлөсү куран окуп жатат. Архив
Бир сутка ичинде эле коңшу мамлекетте 7 517 кишиден коронавирус, 408 адамдан пневмония аныкталган. Азыркы тапта 116 574 бейтап дарыланып жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Өткөн суткада Казакстанда коронавирустан 121, ал эми пневмониядан 21 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, бир сутка ичинде эле коңшу мамлекетте 7 517 кишиден коронавирус, 408 адамдан пневмония аныкталган. Азыркы тапта бул ооруга чалдыккан 116 574 бейтап дарыланып жатканы кошумчаланды. Анын ичинде 253 киши жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

Буга чейин Казакстандын түндүгүндө коронавируска кабылган балдардын саны кескин өсүп кеткени айтылган. Болгондо дагы "дельта" штаммы тездик менен жайылып, 14 жашка чейинки балдар вирустун оор формасына туш болгон.