Бир нече күн мурун эле байкалат. Кардиолог инфаркттын симптомдорун айтты

Кардиологдун айтымында, адамдын жүрөгү кармап калышынын симптомдору ден соолугу начарлаганга чейин эле байкалат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиянын Илья Мечников атындагы Түндүк-батыш мамлекеттик медицина университетинин рентгенохирургиялык диагностика жана дарылоо ыкмасы бөлүмүнүн жетекчиси Игор Кочанов миокард инфарктынын алдын ала белгилери тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал "Доктор Питер" порталына маек курган.

Ал адамдын жүрөгү кармап калышынын симптомдору ден соолугу начарлаганга чейин эле байкаларын билдирди.

"Инфаркт алуудан бир нече күн мурун зарына болуп же басып жүргөндө, оор жүк көтөргөндө көкүрөк туш мурдагыдан башкача болуп кыйнала берет. Мындай учурда тез арада медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылуу керек", — деди Кочанов.

Ошондой эле кардиолог көкүрөк туш 20 мүнөттөн ашык сайгылашып ооруса, муздак тер чыкса, коркуу сезимдери пайда болсо адам жакын арада инфаркт алышы мүмкүн экенин кошумчалаган.