Радио

Эсенали уулу: Бишкектеги эмен дарактары 1958-1959-жылдары тигилген

Энтомолог Таир Эсенали уулу Бишкек шаарында эмен дарактарынын түрлөрү массалык түрдө 1958-1959-жылдары отургузула баштаганын айтты.
Sputnik

Кыргызстанда эмен дарактарынын 28 түрү өстүрүлсө, Бишкекте 110 миңден ашык эмен дарагы бар. Мындай маалыматты Таир Эсенали уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Эсенали уулу: Бишкектеги эмен дарактары 1958-1959-жылдары тигилген

Анын айтымында, борбор калааны көрккө бөлөп турган бул дарактардын жашы 60-70 жылга жетип калды.

"Бишкек шаары азыркы күндө да жашыл шаарлардын катарында турат. Ал өзүнүн статусун жогото элек. Жашыл массанын дээрлик бардыгын көп жылдык дарактар түзөт. Алардын ичинен эмен бактары шаардын четиндеги жана борбордук бөлүгүндөгү парктарда отургузулган. Окумуштуулардын айтымында, эмен дарактары 1958-1959-жылдары массалык түрдө тигилген. Азыркы учурда жашап жаткан эмендердин жашы 60-70ке келип калды. Борбор калаада болжол менен 110 миңден ашык эмен дарагы бар. Ал эми Кыргызстандын аймагында анын 28 түрү өстүрүлөт. Бизде эмендин Куэркус робур (Quercus robur) сортунун эки түрү жалпы эмен дарактарынын 90 пайызын түзөт. Бүгүнкү күндө бактын жалбырактарын зыянкеч курттар жеп жатканы белгилүү. Бирок кээ бир сортторун курт жебейт. Тилекке каршы, Бишкекте ошол курт жей турган эмен багынын түрү көп санда отургузулган", — деди Эсенали уулу.

Ошондой эле адис эмен дарагын жеген зыянкеч курт менен күрөшүү 2008-жылдан бери уланып жаткандыгын кошумчалады.